Коргоо министрлиги мыкты кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырып, Баткен коогалаңында курман болгондордун жакындарына акчалай жардам көрсөттү (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 22-февралда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында Мекенди коргоочулардын күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 
Анда КРнын Коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев артыкчылык менен кызмат кылгандарга медалдар жана баалуу белектерди тапшырды. "Биз элдин ыраазы болгонун көрүп сүйүнүп, сыймыктанабыз. Аскер кызматкерлерин майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Аскерде кызмат өтөгөндөрдү турак жай менен камсыз кылууда системдик иш алып барып жатабыз. Буюрса, Ала-Бука, Көк-Жаңгактагы аскер шаарчасынын курулушу жана көп кабаттуу үйлөр бүткөрүлсө, бир катар жеңилдиктер болот. Мекениңерге кызмат кылгыла, майрамыңар кут болсун!"- деди ал. 
Ошондой эле салтанаттын жүрүшүндө мектеп окуучулары мекенди коргоочуларды куттуктап, ыраазычылык билдиришти.
Министрлик тарабынан Баткен коогалаңында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө акча каражаттары берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан