Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиевге "милициянын генерал-майору" наамы ыйгарылды
Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев
Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиевге "милициянын генерал-майору" наамы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 22-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.