Жогорку Кеңештин делегациясы иш сапары менен Түштүк Кореяга барат

Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы Түштүк Кореяга иш сапары менен барат. Муну 22-февралда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Иш сапар 24-27-февраль күндөрү өтүп, Жээнбеков Түштүк Кореянын премьер-министри Чон Хон жана өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Канг Чанг-хи менен жолугушмакчы. Мындан башка да бир катар жолугушуулар болот. Делегациянын курамында депутаттар Нарынбек Молдобаев, Кенжебек Бокоев, Акуналы Досалиев, Эрнистина Кочкарова, Роман Шин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан