Коргоо министрлиги: Бутага таамай атуу мелдешинде офицер, подполковник Айбек Барпиев 1-орунду алды

Кечээ, 21-февралда Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде коргоо мекемесинин аскер кызматчылары арасында Макаров тапанчасынан таамай атуу боюнча биринчилик мелдеши өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сынакта ар бир катышуучу өзүнүн табелдик куралынан ок атып, зачётторду тапшырды. Эң көп упай топтогон Башкы уюштуруу-мобилизациялык башкармалыгынын офицери, подполковник Айбек Барпиев 1-орунду алды. Ал эми 2-орунду Тарбия иштери башкармалыгынын офицери, полковник Жаныбек Ташиков жана 3-орунду Башкы ыкчам башкармалыктын офицери, полковник Бакыт Имангазиев багындырды. 
Алдынкы орунду алгандарга акчалай сыйлыктар, грамоталар жана медалдар тапшырылды. 
Мелдештин негизги максаты - бутага таамай атуу жана ок атуу чеберчилиги боюнча аскер кызматчыларынын деңгээлин көтөрүү. Иш-чара 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата өткөрүлдү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан