Ош. Алай районунда Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 22-февралда Алай райондук Маданият үйүндө аскер кызматкерлери тарабынан Мекенди коргоочулардын жана Эл аралык эне тил күндөрүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү.

Анда 92843-аскер бөлүгүндө кызмат кылган айымдардан түзүлгөн «Мырзайым», «Беш жылдыз», «Ала-Тоо айымдары» курама командаларынын сынагы орун алды.

Сынакта командаларга эне тилди даңазалоо жана мекенди коргоо боюнча тапшырмалар берилип, өз  өнөрлөрүн көрсөтүштү. 1-орунду багындырган "Мырзайым" тобуна 1500 сом тапшырылды. 2-орунду ээлген "Беш жылдыз"  тобуна 1000 сом жана 3-орунду камсыз кылган "Ала-Тоо айымдары" тобуна 500 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар берилди. 

23-Февраль - Мекенди коргоочулардын күнүнө карата кызматтык милдеттерин аткаруудагы артыкчылыктары үчүн Убайдулла уулу Тынарбек жана Тайлакова Жумагүл Алай райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан