Жалал-Абад. Базар-Коргон жана Сузак райондорунда өрт зыян алып келди

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон жана Сузак райондорунда өрт кырсыктары катталды. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылынын тургуну Ш.Рахималиевге тиешелүү курулуш чарбанын чатыры, 1 тонна жүгөрү бакалдары менен күйүп кеткен. Ошондой эле Сузак районунун Дакан-Палбан көчөсүнүн тургуну Г.Сухридиновго тиешелүү жалпы аянты 225 метр чарчы   турак үйдүн жана бастырманын чатыры, 250 боо чөп, муздаткыч, үй эмеректери толугу менен күйгөн. Буга балдардын от менен ойногону себеп болгон.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан