Жалал-Абад. Эл аралык эне тил күнүн белгилөөнүн алкагында мыкты мектептер аныкталды

Жыл сайын белгиленүүчү Эл аралык эне тил күнүнө карата шаар аймагындагы жогорку жана орто мектептерде, бала бакчаларда бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Анда көрсөткөн активдүүлүгү менен №10, №36-бала бакчалары жана №1, №5, №4-мектептер мыкты деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын төрайымы Үпөл Асаналиева: “Бул күн жыл сайын белгиленип келет. Негизинен тил болбосо пикир алышуу болбойт эмеспи, ошондуктан ар бир мамлекет өз эне тилин өркүндөтүүгө аракеттениши керек. Алардын катарында биз да өз тилибизди өркүндөтүп-өстүрүүгө аракеттенип жатабыз”,- деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан