Ош мамлекеттик университетинде 21-Фавраль - Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылды. “Ким сыйласа өз энесин, өз тилин, сыйлай билет дүйнө элинин көп тилин” деген аталыштагы адабий-музыкалык кече университеттин чоң жыйындар залында белгиленди.
Ага облустун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, шаардык мэриянын өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
“Ар бир элдин эне тили өзүнүн эли үчүн улуу, кымбат. Бүгүнкү кечеде бизге ар улуттагы студенттерибиздин өз эне тилинде айткан ырлары чын жүрөктөн айтылып жатканы байкалып турду. Бүгүнкү күндө биздин окуу жайда да Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына негизделип, университетте көп тилдүүлүк саясатын жүргүзүү иштери жүрүп жатат. Биз жаштарга дүйнөлүк тилдерди үйрөтүү менен, көп тилдүүлүк саясатын жүргүзүп жатабыз. Андыктан баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм жана ушундай жогорку деңгээлдеги майрамдык кечени уюштургандарга ыраазычылык билдирем”,- деди ОшМУнун ректору Каныбек Исаков.
Иш-чарага башка улуттун өкүлдөрү катышып, өз эне тилинин улуулугун даңазалаган ырларды окушуп, улуттук бийлерин тартуулашты. Орусия, Пакистан, Кытай, Англия, Америка, Япония, Корея, Түркия жана башка мамлекеттин өкүлдөрү кечеде жагымдуу маанай тартуулай алышты.
Ошондой эле кереметтүү комуз күүлөрү, акындар айтышы менен биргеликте “Кыргызстаным” аттуу ыр жана Кыргыз Республикасынын Гимни кеченин жалпы катышуучуларынын аткаруусунда ырдалды.