Кечээ, 21-февралда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Мекенди коргоочулар күнүнө арналган «Кош жылдыз» аттуу майрамдык кече болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Анда окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев уландарды келе жаткан майрамы менен куттуктады. Ошондой эле окутуучулар жамаатына ийгиликтерди каалап, активдүү агайларга жана студенттерге окуу жайдын Ардак грамотасын тапшырды.