Бишкекте Мекенди коргоочулар күнүнө карата өспүрүмдөрдү патриоттуулукка үндөгөн иш-чара өттү

Бишкекте Мекенди коргоочулар күнүнө карата жаш муунду патриоттуулукка үндөө максатында иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу 22-февралда Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 
Свердлов РИИБинин өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясы тарабынан уюшулган жолугушууга 9-10-класстардын окуучулары катышты. Жеке курам менен иштешүү бөлүмүнүн командиринин орун басары, майор Өмүрбек Сагынбаев: “Жаштардын аскер кызматына болгон кызыгуусу бар экени кубандырат. Бүгүн солдаттардын күнүмдүк жашоосунун өзгөчөлүгүн көрсөткөнгө аракет кылабыз. Мекенди коргоо - ар бир уландын ыйык милдети. Кыздар үчүн да кызыктуу жана пайдалуу болот деп ишенем”,- деп билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан