23-25-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын
алдындагы Кыргыз гидрометеорология агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең өлкө боюнча мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо бороон болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Абанын температурасынын кескин төмөндөп кетиши кыштоо жайыттарда мал кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
21-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Бул аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.