Украина: Юлия Тимошенко эркиндикке чыкты

Украинанын мурунку премьер-министри Юлия Тимошенко эркиндикке чыкты. Муну бүгүн, 22-февралда чет элдик ММКлар жарыялашты. Айта кетсек, бүгүн Жогорку Рада экс-премьерди боштондукка чыгаруу боюнча атайын токтом кабыл алган. Сүрөттө Тимошенконун эркиндикке чыгып, Майданга бет алган учуру. 

Эскерте кетсек, Юлия Тимошенко 2011-жылы 7 жылга эркинен ажыратылган эле. Ал "2009-жылы газ боюнча Орусия менен келишим түзүүдө мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деп айыпталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан