Украинанын мурунку премьер-министри, бүгүн эркиндикке чыккан Юлия Тимошенко 25-майга белгиленген президенттик шайлоодо ат салыша турганын билдиргенин ММКлар жарыялашты. Маалыматка таянсак, Тимошенко Харьков шаарынан Киевге жөнөп кетти. Айта кетсек, бүгүн Украина парламенти Тимошенкону эркиндикке чыгаруу жана президенттин ыйгарым укуктарын токтото турган токтомдорду кабыл алды. Токтом өлкөдө президенттик шайлоону 2014-жылдын 25-майында өткөрүүгө багытталган. Токтомго 328 депутат "макул" деп добуш берди.
Эскерте кетсек, Юлия Тимошенко 2011-жылы 7 жылга эркинен ажыратылган эле. Ал "2009-жылы газ боюнча Орусия менен келишим түзүүдө мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деп айыпталган.