Жалал-Абад. Базар-Коргондо “Мен мекендин коргоочусумун!” аттуу акция болуп өттү (фоторепортаж)

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда “Мен мекендин коргоочусумун!” аттуу акция өттү. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  
Маалыматка ылайык, 22-февралда Базар-Коргон РИИБинин жетекчилиги, милиция кызматкерлери, Аскер комиссариатынын офицерлери жана Баткен согушунун ардагерлери менен биргеликте майрамга карата “Мен мекендин коргоочусумун!” аттуу ураандын астында өспүрүмдөрдү ынтымактуулукка, патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында иш-чара өткөрүлдү.
Кеңеш айыл аймагында жайгашкан №25 К.Артыгалиев, №11 М.Алыкулов, №13 Б.Анаркулов, №31 Абдрахманов атындагы орто мектептеринин 10-11-класстарынын окуучуларынан арасынан 20 бала тандалып, алар Майлы-Суу шаарындагы 30295-аскердик бөлүгүнө экскурсияга барып, аскердик турмуш менен таанышып келишти. Анда өспүрүмдөр аскердик курал-жарактарды, техникаларды көрүшүп, аскердик тартип менен тизилүү мүмкүнчүлүгүн алышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан