22-февралда «Жаштар кылмыштуулукка каршы!», «Биз мекенди коргойбуз!» деген ураандардын астында Жалал-Абад ОИИББинин жетекчилигинин демилгеси менен шаардык аскер комиссариатынын жетекчи офицерлери, коомдук жана жаштар уюмдарынын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, милициянын ардагерлери жана кызматкерлери болуп 900гө жакын адам катышкан жүрүш өткөрүлдү.
Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынан баштап 10 чакырым аралыктагы адырдагы ок атуучу полигонго чейин саптык салтанаттуу жүрүш шаңдуу ыр менен коштолду.
Иш-чара Ооган согушунун ардагерлери, аскер комиссариатынын офицерлери, жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттеринин катышуусунда өттү.
Спорттук-күжүрмөндүүлүк даярдыктар (граната ыргытуу, гиря көтөрүү, аркан тартыш, патриоттук ырлар) боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө дипломдор, баалуу белектер Жалал-Абад ОИИББинин жетекчилери тарабынан уюштурулуп, Ооган ардагерлери, аскер комиссариатынын офицерлери, окуу жайлардын жетекчилери тарабынан тапшырылды.
Бул жүрүштүн максаты кылмыштуулуктун алдын алуу, жаштардын алгачкы аскердик даярдыгын жогорулатуу, мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоодо Ооган жана милициянын ардагерлери, аскер кызматкерлери насаатчы, үлгү катары өздөрүн көрсөтүшүп, насааттарына көңүл буруу, өспүрүмдөрдүн бири-бирине болгон мамилелерин жакшыртуу, улуттар аралык ынтымакты чындоо болуп саналат.