Украинада президенттин жана парламент спикеринин милдетин аткаруу убактылуу Александр Турчиновго жүктөлдү. Мындай чечимди Жогорку Рада 23-февралда кабыл алып, тийиштүү токтомго жыйынга катышкан 339 депутаттын 285и “макул” деп добуш берди. Маалыматка таянсак, Турчинов жаңы президент шайланганга чейин өлкө башчынын милдетин аткарат. Президенттик шайлоо 2014-жылдын 25-майына белгиленген. Ал эми жаңы өкмөттүн 25-февралга чейин түзүлүшү күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, президент Виктор Янукович Жогорку Раданын чечими менен отставкага жөнөтүлгөн. Парламент чечими мыйзамсыз экенин айткан Янукович алгач Харьков шаарына барып элге теле аркылуу кайрылуу жасаган. Андан кийин Донецк шаарында экени айтылган. Азыр анын каякта экени тууралуу так маалымат жок.