АКШ мындан ары Януковичти президент катары тааныбай турганын жар салды

АКШ мындан ары Виктор Януковичти Украинанын президенти катары тааныбайт. Муну 23-февралда Барак Обаманын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сьюзан Райс ММКларга билдирди. Анын билдиришинче, Янукович көптөгөн мыйзамдуу укуктарынан ажырады.

“Президент өзүнүн буюмдарын, эмеректерин жана кызматкерлерин алып Киевден чыгып кетти. Мунун өзү качкандык эмеспи?” деди Райс.

Януковичтин учурда каякта экенин билүү кыйын экенин кошумчалаган Райс “кечээ биз анын кайсы жерде экенин билгенбиз, бүгүн анын ошол жерде экенине ишене албайбыз” деди.

Эскерте кетсек, 22-февралда президент Виктор Янукович Жогорку Раданын чечими менен отставкага жөнөтүлгөн. Парламент чечими мыйзамсыз экенин айткан Янукович алгач Харьков шаарына барып, элге теле аркылуу кайрылуу жасаган. Андан кийин Донецк шаарында экени айтылган. Азыр анын каякта экени тууралуу так маалымат жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан