24-25-февралда Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-февралда саат 09:00дөн 13:00гө чейин Коммунаров, Жибек Жолу көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейин жарык өчөт.
25-февралда Кудрук, Ростов, Беломорск, Кулиев, Абдумомунов, Бейшеналиева, Зелёная, Пушкин көчөлөрүндөгү линияларды оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 12:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт.