“2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин Ош шаарына курулган үйлөрдүн сапатсыз экенин айтып чыксам, дирекциянын өкүлдөрү мени каралоого өтүштү”,- деп билдирди SUPER.KG порталына 24-февралда “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов. Айтымында, курулган үйлөрдүн курулуш каражатына өзүнүн эч кандай тиешеси жок.
“Мен 2009-жылдан бери бизнес менен алектенбейм, дирекциянын өкүлдөрү эмне кыларын билбей актанып жатышат. Оштогу үйлөрдүн курулушун көрсөңөр, араң эле турат. Ал жерде жашагандарды Кудай сактасын”,- дейт Арипов.
Буга чейин "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулуп, учурда нааразычылык жаратып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн кышы Назарали Ариповдун кыш заводунан сатылып алынган" деген маалыматтар чыккан эле. Аталган дирекцияны мурда Жантөрө Сатыбалдиев (азыркы өкмөт башчы) жетектеп турган.
"Республиканын" депутаттары 21-февралда Ош шаарында болуп, аталган үйлөрдүн абалын көрүп чыгышты.