Жогорку Кеңеште өкмөткө ишеним көрсөтпөө үчүн кол топтоо уланып жатат

Парламентте Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо уланып жатат. Муну бүгүн, 24-февралда “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов билдирди. 

“Бул маселе парламентте качан каралары азырынча белгисиз. Кол топтоо дагы эле жүрүп жатат, 40тан ашык депутаттын колу топтолду”,- деди Арипов.

Эскерте кетсек, өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгеси 2014-жылдын 13-февралында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши боюнча депутаттык комиссиянын отчёту каралып жатканда көтөрүлгөн. Муну "Республика" фракциясынын депутаттары колго алышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан