Жумгал районунун акими: “Соттогу чырдан кийин дайынсыз делип жаткандар боюнча мага да маалымат бербей жатышат”

“Соттогу чырдан кийин дайынсыз делип жаткандар боюнча РИИБден мага да маалымат бербей жатышат”,- деп билдирди Жумгал районунун акими Адылгазы Исабаев бүгүн, 24-февралда Super.kg порталына. Айтымында, жергиликтүү тургундар суракка чакырылган жакындарынын кайда экенин дагы деле билише элек.

“Суракка чакырылгандардын кайда экени эртең белгилүү болот болуш керек. 48 сааттын ичинде алардын баш коргоо чарасы тандалат да. Бул боюнча күч органдары мага да маалымат бербей жатышат”,- деди аким.

Эскерте кетсек, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Мындан кийин суракка чакырылган 21 адамдын 15инин дайынсыз экени айтылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан