Бишкек шаарында жааган кардан кийинки көрүнүш (фоторепортаж)

Февраль айынын ортосунда күн жылып, жаздан кабар бере баштаган эле. 22-23-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүшү, өлкө боюнча жааган кар Бишкек шаарын да кооздукка бөлөдү. Аба ырайынын кескин төмөндөп кетиши кыштоо жайыттарда мал кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатуу менен бирге борбор калаада көчө тазалап иштегендерге кыйынчылыктарды жаратты. Жааган кардын калыңдыгы болжол менен 30 сантиметрден ашат.

Айрым жөө жүргөн адамдар өтүүчү жолдор кардан дале тазалана элек. Ал эми жумушчулар жааган карды тазалап бүтө албай жатышат. Кардын жаашы бир гана ыңгайсыздык жаратып тим болгон жок. Ак кар айрымдарга жагымдуу маанай тартууласа, балалыкты эстеп муз тепкендер, айлананын кооздугуна суктанып сейилдегендер да жок эмес.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Ата Мекенди коргоочулардын күнү дем алышка туш келгендиктен, 24-февралды эс алуу күнү деп жарыялаган. Эс алып, жаратылыштын кооздугуна суктанып, балалыкты эстегенге шарт түзгөн кыш мезгилинин акыркы жумасы башталып отурган чак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан