"Кара-Кече" көмүр кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмү үчүн айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине 20-февралда Жумгал райондук сотунун залында жабырлануучу тарап бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылган. Бул окуядан улам соттолуучулар Жоомарт Сыдыков менен Чыңгыз Баялиев ооруканага жеткирилсе, Рустам Токтогулов дайынсыз болууда.
Сот учурундагы окуядан кийин кылмыш иши козголуп, маркум А.Мамбеталиевдин туугандары камакка алынышкан. "Үч милиционер менин кайним Мамбеталиев Айбекти сабап өлтүрүшкөн. Бул боюнча экспертизанын далили бар" деген маркумдун жеңеси Индира Жумагазиева SUPER.KG порталына милиционерлерге “адам өлтүрүү” беренеси боюнча айып тагылбаганын айтты.
"Азыр кайнежеме, анын балдарына "адам өлтүрүү" беренесин илип коюшуптур. Айбек каза болгондо Жумгал райондук милициядан "Эмне болду?" деп бир адам басып келген жок. Мында болсо Нарын ОИИБи, ОМОНдор кошулуп кайтарып алышып, көчөдө бир бала басса, аны сабап кармап жатышат.
Бул жерде акыйкаттык таптакыр жок экен. Башынан баштап эле кайдыгерлик болгон. Камакта отургандар Жаңы жылды абакты кайтаргандар менен гитара чертип жыргап тосушуптур. Алардын сүрөттөрүн интернеттен Айбектин Камила деген карындашы көрүп, аларды ачыктаса, эми аны да коркутушуптур. "Эмне үчүн чыгарасың, сен, кыз, бирди көрөсүң?!" деп жатышыптыр. Прокурор да ушинтип чакырыптыр. Булардын бүт баары сүйлөшүлгөн. Сатылып алынган. Соттору да, прокурору да. Милиционерлердин туугандары ички иштер министринин орун басары Жусубалиев деп угуп жатабыз. Өзү көмөк көрсөтүп жатат. Бул жакта ишти жөндөн-жөн эле жаап коюшту",- деди ал.
Мындан сырткары туугандарынын сот отурумунда жаңжал чыгарып, милиционерлерди сабаганы тууралуу: "Сот болгон да жок. 20-февралда сот процесси башталганда эле милиционерлердин адвокаты сотко кайрылуу жасаптыр. "Бул жактан карабай, ишти Нарындан карайбыз" десе, сот сунушун канааттандырыптыр. Эжемдер камалышын талап кылып, каргап урушуп жатканына көңүл бурбай коюшкан. 27 жаштагы уулу жөн жерден каза болуп жатканда эненин абалын түшүнсө болот да",- деп кошумчалады.
"Дайынсыз жоголду" делген Рустам Токтогулов жөнүндө: "Сотто отурган Рустам деген баласын өлдү деп жатышат. Эч кандай өлгөн жок ал. Бул жөн эле атайын уюштурулган иш. Ошол баласы Камиланы уят сөздөр менен сөгүптүр. Андай сөздөрдү кайталап айтканга менин оозум барбайт. Ушул сөздөрдү уккандан кийин туугандары ошол кадамга барышкан. Кайтарып турган 15-20 милициянын өкүлдөрү эмнеге жардам беришкен жок? Эки баланы токтотуп коюуга милиционерлердин күчү жетпейби? "Өздөрүнө кылып жатышат" деп карап турушкан баары. Рустам дегени сууга секирип, кийин чыгып кетиптир. Анын башка машинага отуруп кеткенин көргөндөр бар экен. Азыр сот, прокурор, бийликтин баары аларга адвокат болуп жатышат",- деди Индира Жумагазиева.