Украина: Президент Виктор Януковичке издөө жарыяланды

Украинада президент Виктор Януковичке “өлкөдө массалык адам өлтүрүүгө катыштыгы бар” деген шек менен издөө жарыяланды. Муну аталган өлкөнүн ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков 24-февралда өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. Айтымында, президенттин учурда каякта жүргөнү белгисиз жана ал мамлекеттик кайтаруу кызматкерлеринен баш тартты.

Эскерте кетсек, 22-февралда президент Виктор Янукович Жогорку Раданын чечими менен отставкага жөнөтүлгөн. Парламент чечими мыйзамсыз экенин айткан Янукович алгач Харьков шаарына барып, элге теле аркылуу кайрылуу жасаган. Андан кийин Донецк шаарында экени айтылган. Азыр анын каякта экени тууралуу так маалымат жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан