“Жазында төңкөрүш кылып, бийликти басып алуу оюбуз жок”,- деп билдирди экс-депутат Камчыбек Ташиев 24-февралда ММКлардын бириндеги берүүдө. Айтымында, төңкөрүш жолу менен бийликти алмаштыруу жыргатпай турганын эл түшүндү. К.Ташиевдин берүүдөгү оппоненти, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “Жазында бийликти алууга аракет кыласыңарбы же кийинки шайлоо аркылуу бийликке келесиңерби?” деген суроо берди. Бийлик ушинтип өзү туура эмес маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатканын белгилеген Ташиев: “Төңкөрүш жолу менен бийликти алмаштырбаш керек. Сөзүбүзгө турабыз. Бийликтегилер шайлоо менен келип, мөөнөтү бүтсө, кетиши керек”,- деди.
Ташиев азыркы бийлик кызмат сунуштаса, бара албай турганын айтты. “Айрым кемчиликтерибизди пайдаланып, бийлик бизди биротоло жок кылгысы келди. Мен соттолгон адаммын. Бийлик кызмат сунуштаса, барып иштеше албайм, мени жарга такап коюшкан. Менин бийликке келүүгө бир гана жолум бар, эл колдоп алып келсе гана иштейм”,- дейт Ташиев.
Экс-депутат “Ата Журт” партиясынын тизмеси сапатсыз түзүлүп калганын моюнга алды.