Парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде бүгүн, 25-февралда Аксынын Кызыл-Жар ооруканасында чыккан тополоң маселеси каралат. Жыйынга ички иштер министри Абдулда Суранчиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, башкы прокурор Аида Салянова жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева катышмакчы.
Эскерте кетсек, 17-февралда аталган ооруканада милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жаткан учурда ооруканадагылар ызы-чуу чыгарышып, укук коргоо кызматкерлерине кол көтөрүшкөн. Текшерүү аталган ооруканадан качып кеткен Заур Магомедов боюнча жүргүзүлгөн эле. Магомедов 9-февралда Балыкчы шаарында эки милиция кызматкерин атып, качып кеткен. Эртеси ал шериги менен Токтогул шаарында атып өлтүрүлгөн.