Тайырбек Сарпашев: “Биз баскан жолду Украина эми басууда, мындайча айтканда, алардын Бакиеви эми качты”

Бүгүнкү күндө Украинадагы кырдаал менен Кыргызстандагы саясий абалды салыштырууга болбойт. Муну 24-февралда ММКлардын бириндеги түз эфирде вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Айтымында, "Кыргызстандагы бардык стратегиялык мааниси бар тармактар Орусиянын карамагына өтүп кетти" деген сын туура эмес. 

“Орусия ГЭСтерди курганы менен, суу биздин менчигибизде калат. “Кыргызгаз” Орусияга жагыныш үчүн берилген жок, ири инвестиция тартуу үчүн сатылды. Ал эми Украинадагы кырдаал менен биздеги кырдаалды салыштыруу мүмкүн эмес. Биз басып өткөн жолду Украина эми гана басууда. Мындайча айтканда, алардын Бакиеви эми качты”,- дейт Сарпашев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан