Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы учурда Түштүк Кореяда жүрөт. Муну парламенттин басма сөз кызматы бүгүн, 25-февралда билдирди.
Иш сапарда А.Жээнбеков Түштүк Корея парламентинин спикери Канг Чанг-хи жана премьер-министри Чон Хон Вон менен жолугушат. Ошондой эле кыргызстандык делегация Корея атом жана гидроэнергетика корпорациясынын жетекчилиги, Текстиль өнөр жай федерациясынын башкы катчысы Юн Су Йонг менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Депутаттар Айыл аймактарын өнүктүрүү администрациясына, 2010-жылдан бери электрондук өкмөт жаатында Корея Республикасын алдыга чыгарган Компьютерлештирүү жана маалымат боюнча Улуттук агенттигине барары күтүлүүдө. Делегация Түштүк Кореяда 27-февралга чейин болот.