Facebook`тун жетекчилиги өлгөн кишилердин аталган социалдык тармактагы баракчасына түзөтүүлөрдү киргизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Facebook өлгөн кишилердин баракчалары түзөтүлүп, маркумдун жакын адамдары гана көрө алгыдай түргө келтирилип жатканы тууралуу айрым колдонуучулардан маалымдама алган. Мындан ары өлгөн кишинин профилин тирүү кезиндегидей тартипте сактап калуу чечимин кабыл алды.
“Биз адамдардын тирүү кезинде чыгарган чечимдерине сый менен мамиле кылабыз. Андыктан колдонуучу өмүрү менен кош айтышса да, анын баракчасы аны тааныгандар үчүн, дос-туугандары үчүн дайым ачык болот” деп билдирет социалдык тармактын басма сөз кызматы.
Андан тышкары Facebook колдонуучуларынын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн “A Look Back” ("Артка кылчай") деген аталыштагы видеороликтерди ишке киргизген. Сүрөттөрдүн топтомунан турган чакан видеоролик кызматы февраль айынын башында ишке киргизилип, ушул күнгө чейин анын кызматынан дээрлик 100 миллионго жакын киши пайдаланган (өзүнө тийиштүү видеороликти көрүүнү каалагандар Facebook`ка кат жолдошот).