25-февралга
карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 543 миллион метр кубду түздү. Бул
тууралуу “Электр станциялары” ААКынын басма сөз кызматы билдирди. Өткөн жылы
бул көрсөткүч 12, 268 миллиард метр кубду түзгөн.
Суу сактагычка кирген суунун
агымы 2014-жылы 25-февралда секундасына 154 метр куб болсо, өткөн жылы дал ушул
күнү 169 метр кубга барабар болгон. Ал эми агып чыккан суунун агымы бүгүн секундасына
775 метр кубду түздү. 2013-жылы 637 метр кубду түзгөн.