Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасындагы тополоңду жабык эшик артында карамай болушту. Мындай сунушту депутат Галина Скрипкина айтып, комитет мүчөлөрү колдошту. Жыйынга саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, башкы прокурордун орун басары Уланбек Халдаров, ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев катышууда.
Эскерте кетсек, 17-февралда аталган ооруканада милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жаткан учурда ооруканадагылар ызы-чуу чыгарышып, укук коргоо кызматкерлерине кол көтөрүшкөн. Текшерүү аталган ооруканадан качып кеткен Заур Магомедов боюнча жүргүзүлгөн эле. Магомедов 9-февралда Балыкчы шаарында эки милиция кызматкерин атып, качып кеткен. Эртеси ал шериги менен Токтогул шаарында атып өлтүрүлгөн.