“Кыргызстанда жаштар театрларга караганда арзан, сапатсыз концерттерге барууну көп каалашат”,- деп билдирди КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан парламенттик угууда. Айтымында, жаштардын маданий баалуулуктарга болгон көз карашы өзгөрдү.
“Жаштар китеп окушпайт, поэзияга, театрга кызыгышпайт. Маданият жана искусство ишмерлерин билишпейт. Алардан келечекте ким болорун сурасаң, депутат, чиновник болгусу келгенин айтышат. Искусство адамы болгусу келишпейт”,- деген Жамал Сейдакматова балдарды жаштайынан маданиятка тарбиялаш керектигин айтты.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы театр жана маданий жогорку, орто окуу жайларынын абалы боюнча парламенттик угуу өтүп жатат.