Кыргызстан жаштар курама командасынын башкы машыктыруучулугуна Мирлан Эшенов дайындалды

21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасына башкы машыктыруучу болуп Мирлан Эшенов дайындалды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим аталган федерациянын Аткаруу комитетинин кезектеги отурумунда кабыл алынды. Буга чейин Кыргызстан жаштар курама командалары менен иштеп келген Мирлан Эшенов өткөн жылы канттык “Абдыш-Ата” клубу менен ТОП-Лигада 3-орунду ээлеген. Ал кезинде машыктыруучулукту чет жерлерде окуп, мадриддик “Атлетико” клубунда да окуу курстарынан өткөн.

Эске салсак, 21 жашка чейинки курама команданы буга чейин машыктырып келген Анарбек Ормонбеков 6-февралда кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан