Бишкек шаардык кеңешине ат салышып жаткан партиялардын арасында телетаймаш өтөт
13-ноябрдан 22-ноябрга чейин (ишемби жана жекшембиден башка) күн сайын Бишкек шаардык кеңешине ат салышып жаткан 23 партиянын арасында КТРКнын түз эфиринде телетаймаш өткөрүлөрүн аталган телеканалдын маалымат кызматы билдирди. КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевдин айтымында, телетаймашта партия- лардын лидерлери бири-бирине суроо узатышат. Ошондой эле жер-жерлерден да видеосуроолор берилип, ар бир партияга элге кайрылуу үчүн 10 мүнөт акысыз убакыт берилмекчи.