“Жогорку Кеңеш искусствонун өнүгүшүнө өз салымын кошот” деди Асия Сасыкбаева

“Жогорку Кеңеш өлкөдө искусствонун өнүгүшүнө өз салымын кошот”,- деп билдирди вице-спикер Асия Сасыкбаева бүгүн, 25-февралда өткөн парламенттик угууда. Айтымында, эгемендик алгандан бери Кыргызстанда искусствого олуттуу көңүл бурулбай келе жатат.

“Республикалык бюджетти кароодо театрларды каржылоо маселесине өзгөчө көңүл бурууга аракет кылабыз. Бизден ар тараптуу колдоо көрсөтүлө турганын айтмакчымын. Жогорку Кеңеш өлкөдө искусствонун өнүгүү келечегине өз салымын кошот”,- деди Сасыкбаева.

Айта кетсек, парламентте бүгүн театр жана маданий жогорку, орто окуу жайлардын абалы боюнча парламенттик угуу өттү. Иш-чарага министрликтердин, театр, искусство тармагынын өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан