Ош мамлекеттик университетинин 11 студенти Кытайдагы Синьцзян педагогикалык университетине, 6 айлык курска жөнөп кетти

Ош мамлекеттик университетинин 11 студенти Кытайдагы Синьцзян педагогикалык университетине, 6 айлык курска жөнөп кетти. ОшМУ менен Синьцзян педагогикалык университетинин академиялык мобилдүүлүк боюнча түзүлгөн келишимине ылайык, студенттер Кытай Эл Республикасында 1 семестр билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

“Ушул эле келишимдин негизинде Синьцзян педагогикалык университетинде билим алышкан 10 студент ОшМУда орус тилин окуп, кыргыз элинин музыкалык аспаптары, маданияты, тарыхы боюнча билим алып жатышат. Ошондой эле жайкы эс алуу мезгилинде 20 студенттин Кытайга барып, кытай маданиятын, тилин үйрөнүү менен маданий жайларында саякаттап келүүсү пландаштырылууда”, - деди Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан