"Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогу" мелдешин Алай районунун командасы утту 

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен 24-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата райондук мамлекеттик администрациялар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү. Бул туурлуу бүгүн, 25-февралда Алай районунун администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш Түштүк аймактык балдарды жана өспүрүмдөрдү машыктыруу боюнча спорт клубунун спорттук залында өткөрүлдү.

Жыйынтыгында Алай райондук мамлекеттик администрациясынан түзүлгөн волейбол боюнча командасы 1- орунду ээлеп, I даражадагы диплом, 15 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан