Кубат Оторбаев: "Биринчи версия  долбоордун менеджери Дана Абдыбекова катышуучудан өзү акча талап кылган"

Журналисттер менен жолугушкан КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев “Аалам сырлары" берүүсүндөгү чырдын 3 себеби болушу мүмкүн экенин айтты.

Биринчи версия – долбоордун менеджери Дана Абдыбекова катышуучудан өзү акча талап кылган. Экинчи вариант – Дана Абдыбекова менен Асыл Аппасова биргеликте акча өндүрүү максатында таймаштын катышуучусу Индира Исманкуловадан акча талап кылышкан. Үчүнчү версия – акча талап кылуу жана телефондогу сүйлөшүүнү жаздырып, аны коомчулукка жарыялоо “чоң адамдардын” буйругу менен жасалган. Ага Индира Исманкулова өзү да аралашуусу мүмкүн”,- дейт Оторбаев.

Ошондой эле бул көрсөтүүнү жаптырууга кимдир бирөөлөр кызыкдар болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

КТРКнын маалымат кызматы бул ишти финалга чыкпай каларын, аны менен кардарларын жоготуп аларын ойлоп корккон катышуучу Индира Исманкулова өзү жасашы ыктымал экенин билдирди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан