Бишкек шаардык жеке турак жай департаменти Малдыбаев көчөсүндө мыйзамсыз курулуп жаткан үйдү бузуу чараларын көрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 25-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, А.Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан №20-жер тилкесинде тиешелүү документтери жок турак үйдүн курулушу мыйзамсыз жүргүзүлгөн. Мурда департаменттин кызматкерлери тарабынан жер тилкесинин ээсине “Орун алган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө” жазуу жүзүндө эскертүү берилген. Көрсөтүлгөн мөөнөттө кемчиликтер жоюлбагандыктан, шаар куруу жана архитектуралык ишмердикке каршы келген административдик тартип бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн.
Административдик материалдар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлгөн. Соттун токтому менен Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 454-беренесине ылайык, үй ээсине 10 000 сом өлчөмүндө айып тагылган жана курулган объектти бузуу милдеттендирилген. Бирок соттун чечими аткарылган эмес. Департамент аталган маселе боюнча сот органдарына кайрадан кайрылып, соттун чечими менен жер тилкесин бошотуп, муниципалдык менчикке кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.