“Аалам сырлары” таймашынын катышуучусу Индира Исманкулова “пара талап кылуу” фактысы боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына 21-февралда эле арыз жазганын кабарлады. Муну тийиштүү документтин көчүрмөсү тастыктайт.
Буга чейин аталган орган “бул окуя боюнча эч ким арыздана элек, бизге арыз түшмөйүнчө чара көрбөйбүз” деп билдирген эле. Бүгүн, 25-февралда кайрылсак, маалымат кызматынын өкүлү кайрадан “бизге эч ким арыздана элек” деди. Биздеги документтердин негизинде, арыз жазылганын, аны коомдук кабылдамадан Ч.Калматов деген кызматкер кабыл алганын айтсак, “анда тактап көрөбүз, азыр обед” деген жообун узатты.