Жалал-Абад. Көчө боюнда соода кылгандар нааразылык акциясына чыгышты

Бүгүн, 25-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдына Чехов көчөсүндөгү жол боюнда соода-сатык иштерин жүргүзүп келген 20дай аял нааразылык акциясына чыгышты. Алардын талаптары - Чехов көчөсүндө соода кылууга уруксат берүү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын өкүлү Абдималик Тагаев“Мэрдин буйругу менен жол жээгинде соода кылып жаткандарды базарларга көчүрүп жатабыз. Аларга каалаган базарынан жай бөлүп берүү үчүн базардын жетекчилери менен да сүйлөшүп койдук. Соода-сатык иштерин жолуна коюп алгыча соодагерлерден 6 айга чейин ижара акысын албай турган болушту. Сатуучулар буга да болбой митингге чыгып жатышат",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан