Бишкекте үй куруу үчүн жер алууга 6055 адам кезекте турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 25-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Ленин районунда 930, Биринчи Май районунда 2150, Свердлов районунда 1164, Октябрь районунда 1811 адам жер алууну күтүп кезекте турат.
Тапшырылган документтердин туура эместигине байланыштуу 2013-жылы тизмеден 921 адам чыгарылган. Документтер тиешелүү тартипке келтирилип, кайра тапшырылгандан кийин комиссия жарандардын арыздарын карап чыгат.