Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 25-февралда Бишкектеги Беларусь элчилигинин алдында акция өткөрдү. Ал колуна “Лукашенко, жакында Минскте дагы "Майдан" болот!”, “Бакиев өңдүү диктаторду өткөрүп бер” деген жазуулары бар плакат кармап турду. Айтымында, Беларусь президенти Александр Лукашенконун Украинадагы акыркы окуялар боюнча айткандарына нааразы. Лукашенко “Украина жана Кыргызстандагыдай окуялар Беларуста кайталанбайт” деп билдирген.
Ошондой эле укук коргоочу ар аптанын экинчи күнү Беларусь элчилигинин алдында нааразычылык акциясын өткөрүп турарын кошумчалады.