Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 25-февралда Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Бишкектеги кеңсесинде көчмө жыйын өткөрдү. Анда Дүйнөлүк банктын 2014-2017-жылдардагы иш пландары талкууланып, жыйынга депутаттар Курманбек Дыйканбаев, Элмира Жумалиева жана башкалар катышты.
Курманбек Дыйканбаев: “Расмий өнөктөшү өкмөт экенине карабастан, Дүйнөлүк банк, өкмөт да Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери менен тыгыз иштешүүгө тийиш. Азыр өлкөдө мамлекеттик башкаруу таризи өзгөрүлүп, ал парламенттик демократияны куруу жолуна түштү. Бардык долбоорлор парламент аркылуу гана бекитилет”,- деди.
Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Кремер Кыргызстан менен эки тараптуу макулдашуу түзүлгөн 1992-жылдан бери 52 долбоор каржыланганын билдирди. “Кыргызстан негизинен Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүгүү ассоциациясы тарабынан өтө жеңилдетилген шартта каржыланып келет. Биздин насыялар 40 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздык үстөгү менен берилет. Ал эми каржынын 45 пайызы гранттык каражат болуп саналат”,- дейт Кремер.