Бишкекте өткөн тегерек столдо эксперттер Кыргызстанда дин ишенимин тандоо укугу аткарылбай жатканын айтышты

Бишкекте “Аль-Фараби Карнеги”, “Дин жана коом” долбоорлору боюнча тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар айыл жергесинде ишенимин алмаштыргандарга болгон мамиле тууралуу айтты. “Орус тилдүүлөрдүн ислам динин кабыл алганын угам. Бирок кырдаал тескерисинче болгондо чыр чыгат. Эмнеге дин ишенимин тандоо укугу аткарылбай жатат?” деп Дин боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлүнө суроо узатты.  

Аталган комиссиянын кадрдык кызматы жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Каныбек Маматалиев толеранттуулук маданияты себеп болуп жатканын айтты. “Кыргызстанда демократиянын үзүндүлөрү эле бар. АКШда деле алгачкы жылдары расизм күч алып турган. Албетте, биз калктын толеранттуулук маданиятын калыптандырышыбыз керек. Жарандык коом айыл өкмөттөрүндө семинарларды өткөрсө эмнеге болбосун? Жаштарды өнүккөн өлкөлөргө алып чыгып, диний уюмдар башка мамлекеттер менен тажрыйба алмашсын”,- деди Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан