Вице-спикер Асия Сасыкбаева бүгүн, 25-февралда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Кыргызстан боюнча баяндамачы-эксперти Андреас Гросс менен жолугушту. Асия Сасыкбаева ЕКПАнын “демократия боюнча өнөктөш” статусу алкагындагы кызматташтык алакаларга Кыргызстан терең маани берерин, аны демократиялык институттарды бекемдөө шартында карай турганын айтты.
А.Гросс Европа кеңеши Кыргызстан менен болгон алакаларын улантып, ушу тапта өлкөгө “демократия боюнча өнөктөш” статусун берүү маселеси иликтенип жатканын билдирди.
Тараптар ЕКПА ишин уюштуруу, мүчө мамлекеттердин ассамблея ишине катышуусу, улуттук делегацияларды түзүү жаатында пикир алышты.