Эртең Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы бүгүн, 25-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, 26-февралда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аалы Токомбаев, Байтик баатыр, Калык Акиев, Фрунзе, Тимирязев көчөлөрүндөгү жана Панфилов районунун Чалдыбар айылындагы электр зымдарын оңдоо иштери жүрөт. Буга байланыштуу аталган көчөлөргө жакын жайгашкан аймактарда жарык өчөт.