Азамат Кожомкулов “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын башчысы болуп дайындалды. Муну бүгүн, 25-февралда Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков билдирди. Ишкананын мурунку жетекчиси Эмил Түлкиев өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазганы айтылды.
А.Кожомкулов буга чейин “Түндүкэлектр” ишканасында коммерциялык иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеп келген.