Жалал-Абад облусунда ашар жолу менен мечит курууга тыюу салынды. Бул тууралуу аталган облустун казысы Абдулазиз Закиров кечээ, 25-февралда маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Айтымына караганда, мындай чечим 3-февраль күнү Сузак районундагы мечит-медресенин урап калганынан улам чыгарылган. Анда 56 адам жабыркаган. Ошондой эле облус казысы буга чейин көпчүлүк мечиттер ашар жолу менен курулуп келгенин да баса белгилеп өттү.