КРнын ички иштер органдарынын арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

КРнын ички иштер органдарынын арасында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 25-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, “ИИМдин мыкты тергөөчүсү” наамына милициянын полковниги Гүлнар Дубанаева татыса, “ИИМдин мыкты эксперти” наамына милициянын майору Русланбек Мамырбаев ээ болду. Ошондой эле Бишкек ШИИББинин ардагерлер кеңеши “ИИМдин мыкты ардагерлер кеңеши” сыйлыгына илиништи. Жеңүүчүлөр акчалай жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан